Токио Олимпиадасынан медаль уткан спортчуларга бүгүн сыйлык тапшырылат

Токио Олимпиадасынан медаль уткан спортчуларга бүгүн сыйлык тапшырылат.

Novosti.kgге дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, жайкы олимпиада

оюндарынан күмүш медаль алган Акжол Махмудовго, Айсулуу Тыныбековага жана

коло тагынган Мээрим Жуманазаровага акчалай сыйлык берилет. Сертификаттарды

президент тапшырат жана азем резиденцияда саат 9да өтөт. Белгилеп кетсек,

буга чейин күмүш медаль уткандарга 7 миллион сом, коло алгандарга

5 миллион сом берилерин министрлер кабинети убада кылган.