Айпери Медет Азия чемпионатында күмүш байгенин ээси болду. Ал 76 килограмм салмакта үч беттеш өткөрдү. Чейрек финалда индиялык Прия Прияны 4:0, жарым финалда жапониялык Мизуки Нагашиманы 3:2 эсебинде жеңди.
Финалда казакстандык Элмира Сыздыковага жеңилип, 2-орунду ээледи. Бүгүн килемге Айсулуу Тыныбекова, Бермет Нуридин кызы, Нурзат Нуртаева жана Дилназ Сазанова чыгышат.