Кыргызстанда акыркы суткада 115 адам коронавирустан айыгып чыкты.
Республикалык штабдан билдиришкендей, сакайгандар Бишкекте – 47,
Чүй облусунда – 34, Ош облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 16,
Жалал-Абад облусунда – 7 жана Ош шаарында, Таласта, Нарында 2ден,
Ушуну менен өлкө боюнча ковидди жеңип чыккандардын саны 81 миң 102 адамга жетти.