Бишкек – Кара-Балта унаа жолунун курулушу 75 пайызга аткарылды

Бишкек – Кара-Балта унаа жолунун курулушу 75 пайызга аткарылды.

Бүгүнкү күндө оңдоло турган 46 чакырымдын 39 чакырымына эки катмар

асфальт төшөлдү. Калган бөлүктү оңдоо иштери ноябрда аяктайт. Кеп,

долбоордун биринчи этабынын жыйынтыкталышы тууралуу болуп

жатат, — деди Novosti.kgге унаа жана жолдор министрлигинин адиси

Тагай Алимбаев. Бул максатта 70 миллион доллар багытталат.

Каражат Азия өнүктүрүү банкы аркылуу берилет.