Түркмөнстандын мектептеринде уюлдук телефон колдонууга тыюу салынды

Түркмөнстандын мектептеринде уюлдук телефон колдонууга тыюу салынды.

Бул чектөө окуучулар менен катар мугалимдерге дагы тиешелүү.

Аталган өлкөдөгү шаардык жана райондук орто мектептерде ата-энелер чогулушу болуп,

балдар сабакка телефон алып келбеши эскертилүүдө. Анда класс жетекчи айрым

окуучулар мугалимдер менен балдардын ортосундагы пикир келишпестиктерди

видеого тартып, интернетке жарыялап жатышканын билдирди.

Бирок балдарга сүйлөшүүгө ылайыкташкан жөнөкөй телефондорду сатып берүү сунушталды.