Өтүп кеткен жылы өлкөдө 244 объектти куруу жана оңдоо каржыланды. Каржы министрлигинен билдиришкендей, бул максатта мамлекеттик бюджеттен 409,5 миллион сом бөлүнгөн. Эң эле көп долбоор Жалал-Абад облусунда ишке ашты, андан кийин Чүй облусу турса, Ысык-Көл үчүнчүдө.
Гранттардын эсебинен 79 мектеп, 47 инженердик объект жана 39 бала бакча курулду.