Бишкек жана Чүй облусунда жол инспекторлору планшеттин жардамы менен унаанын чоо-жайын биле алат

Бишкек жана Чүй облусунда жол инспекторлору планшеттин жардамы менен унаанын чоо-жайын биле алат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, планшеттеги база аркылуу унаа уурдалганы, номурлар жасалма экени, айдоочу айыптарды төлөбөй жүргөнү тууралуу маалыматты ошол жерден билсе болот.

 

Жабдуулар ошондой эле, аймактагы бардык стационардык постторго тапшырылды, — дешти ведомстводон.