Түп районунда нөшөрлөгөн жаандан кийин сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, суу агымы эки айылды каптады.
Шаты айылында эки үйдүн короосу жана ички жолдор жабыркаса, Балбай айылында – мүрзө суу алдында калды.
Учурда министрликтин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар жеринде тазалоо иштерин аткарууда.