Екатеринбургда цирктеги пил бошонуп, шаар аралады

Екатеринбургда цирктеги пил бошонуп, шаар аралады.

Аны унаага жүктөө учурунда бошоп кетип, бир нече мүнөт көчө аралап жүргөн.

Карга оонап жаткан пилдин видеосун жергиликтүү тургундар соцтармактарга жарыялашкан.

Андан пилди дрессировщик менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу кызматкер

токтотууга аракет кылганын көрүүгө болот. Дагы бир тасмада пилди турак үйлөрдүн жанынан кармап,

таяк менен сабап алып кетип жатышканы тартылган. Екатеринбург циркинин маалыматына караганда,

45 жаштагы Карла аттуу пил италиялык циркке таандык.