Казакстандын көп жерлеринде катуу бороон-чапкындан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды

Казакстандын көп жерлеринде катуу бороон-чапкындан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Бороон кечээ башталды. Нур-Султанда бурганак жана секундасына 23 метрге чейин жеткен

шамал катталды. Борбордук мектептерде окуу токтотулуп, өлкөдөгү унаа жолдун жарымы жабылып,

ондогон авиакаттамдар кармалды. Казгидрометтин маалыматына караганда, кар, бороон жана

катуу шамал өлкөнүн көптөгөн аймактарында бир нече күнгө чейин созулат.