Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун инаугурациясы 30-октябрда өтөт.
Тажикстандын мыйзамы боюнча, президент расмий түрдө ишке киришүү үчүн
эки палатанын биргелешкен жыйынында ант берүүсү зарыл. Эске салсак,
Тажикстанда 11-октябрда президенттик шайлоо өткөн. Анда шайлоочулардын
90 пайызынын добушун алган Эмомали Рахмон төрт атаандашын
артка калтырып, кайрадан өлкө башчылыкка келген.