Чехияда жалпы улуттук карантин алынды

Чехия өкмөтү коронавирус эпидемиясына байланыштуу март айынын ортосунда киргизген жалпы улуттук карантинди токтотуу чечимин бейшембиде кабыл алды. Өлкө жарандары эми 24 саат бою кайрадан ээн эркин жүрө алышат. 10 кишиге чогулууга уруксат берилди. Ошондой эле башка өлкөгө чыгып келгенге дагы болот. Бирок, келгенден кийин эки жума карантинге алынат.

 

Чехия – Европа өлкөлөрүнүн арасынан алгачкылардан болуп катаал чектөөлөрдү киргизген мамлекет. Эми бул өлкө биринчилерден болуп карантинди токтоткону жатат. Чех өкмөтү башка дагы чектөөлөрдү жеңилдетүүнү караштырууда. Дүкөндөр, кызмат көрсөтүүчү тармактар буга чейин белгиленген убакыттан эрте ачылмай болду. Тактап айтканда, 27-апрелде соода борборлорунда жайгашпаган аянты 2500 чарчы метрди түзгөн дүкөндөр ишин баштайт. Буга чейин чектөөлөр майдын аягында алынат деп болжолдонгон болчу.

 

Фитнес-борборлор жана зоопарк ишке кирди. Жогорку окуу жайлар сабактар өтүлө баштайт. 11-майда соода борбор, чач-тарач, укалоо салондору, музей ачылат. Ал эми кафе, ресторан жана башка мекемелердеги чектөө 25-майда алынат. Азырынча башка мамлекеттин жарандарына чек ара качан ачылаары белгисиз.

Соңку күндөрү Чехияда илдетти жаңы жуктургандардын саны азайып баратат. Коронавируска чалдыккан жети миң киши болсо, алардын эки миңдейи айыгып чыгып, 210ну жашоо менен кош айтышты. 23-апрелде Чехияда COVID-19 вирусун жуктурган алты киши катталды.

 

Чехияга коңшу өлкөлөрдө дагы карантин чаралары акырындап жумшарууда. Австрия жана Германияда ушул жумадан баштап дүкөндөрдө соода жүрүп жатат. Соода борборлору жана кызмат көрсөтүү мекемелери май айынын башында ишке кирет. Бул өлкөлөрдө дагы илдетке чалдыккандар азайып, айыгып чыккандарды саны арбыды.

 

Испанияда, Италияда жана Францияда эпидемиянын жайылышынын туу чокусуна жеткен учур өтүп баратканы байкалууда. Ушул жана башка Европа өлкөлөрүндө карантин май айынын башында алына баштайт.