Бишкекте COVIDге каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө башталды.
Эмдөө № 2, 3, 5, 7, 15 үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда жана студенттер
бейтапканасында жеткиликтүү. Республикалык штабдын маалыматына ылайык,
препарат эки дозадан турат жана аны 18 жаштан жогорку бардык жарандар алса болот.
Эске салсак, 16-июлда Азербайжан Кыргызстанга гумжардам катары AstraZeneca
вакцинасынын 40 миң дозасын берген. Бул 20 миң адамга жетет.