Россия Кыргызстанга 50 миллион рублден ашык суммага гуманитардык жардам көрсөттү.
Республикалык штабдан билдиришкендей, кайтарымсыз негизде берилген жардам
кыргыз-казак чек арасынын «Ак-Тилек» өткөрмө посту аркылуу жеткирилди. Коргоочу костюм,
үч кабаттуу беткап, көз айнек жана башка медициналык каражаттардын жүгү
саламаттыкты сактоо министрлигинин кампасына келип түштү.