Кыргызстанда дагы 25 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда бүгүн дагы 25 кишиден коронавирус чыкканын Республикалык штабдан кабарлашты.

 

Жаңы учурлардын арасында беш медицина кызматкери бар.

 

Маалыматка ылайык, 25 кишинин экөө Бишкекте болсо, төртөө Чүй облусунда. Нарындан 11 киши, Ош облусунан үчөө, Жалал-Абаддан төрт, Баткенден бир киши бар. Ал эми медиктердин бирөө борбор калаада, дагы бирөө Жалал-Абад облусунда болсо, үчөө Нарында.

 

Ушуну менен өлкө аймагында коронавирус аныкталгандардын саны 931ге жетти. Анын 658и айыгып чыкса, 12 киши каза болду.