Кыргызстанда дагы 11 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда дагы 11 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, Бишкекте 5, Чүйдө 3, Жалал-Абадда 3 учур катталды.

 

Арасында эки медицина кызматкери бар. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 906га жетти.