Түркмөнстан кыргызстандык жүк ташуучуларга чек араларын ачууда. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, эртеңден тарта чет элдик унаалар Түркмөнстан аркылуу Иранга өтө алат.
Башкы талап – бардык эрежелер аткарылышы керек. Ведомстводон белгилешкендей, Түркмөнстан коронавирус пандемиясы башталганда чек араларын жапкан.
Бул кыргызстандык айдоочуларга ыңгайсыздыктарды жаратты. Жүк ташуучулар Казакстан жана Россия аркылуу транспорттук коридор ачууга аргасыз болушкан.