Каракол шаарындагы автобекет оңдолуп, айланасы асфальтталат.
Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. 1988-жылы колдонууга берилген имарат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.
Андан улам автобекеттин чатыры жараксыз абалга келип, андан кирген жаан-чачын, эриген кардын суулары ички дубалдарын уратып, айрым бөлмөлөрү такыр жарактан чыгып калган. Бекетти калыбына келтирүү иштери жакынкы арада башталат.