Түркмөнстанда мамлекеттик кызматкерлерге чач жана тырмагын боегонго кайрадан тыюу салынды

Түркмөнстанда мамлекеттик кызматкерлерге чач жана тырмагын боегонго кайрадан тыюу салынды.

Бийлик аял кызматкерлердин кийим-кечесине, кебете-келбетине байланыштуу талапты дагы күчөттү.

Эми бардык бюджеттик мекемелерде иштеген, анын ичинде мугалимдер мындан ары чачын боёп,

жасалма кирпик такканга, тырмагын боёп, узартууга болбойт. Ошондой эле сулуулук салондоруна

буга байланыштуу эскертүү берилди. Түркмөнстанда мындай тыюу алгач

2008-жылы киргизилген. Бирок кийин талап жумшарып калган.