Улуу Британияда коронавируска каршы вакцинанын клиникалык сыноосу башталды

Улуу Британияда коронавируска каршы вакцинанын клиникалык сыноосу башталды.

Аны  Оксфорд университетинин окумуштуулары иштеп чыкты. Сыноого өлкөнүн

миңден ашык ыктыярчы катышат. Изилдөөчүлөр тесттердин жыйынтыгы жарым

жылдын ичинде даяр болорун билдиришүүдө. Дүйнөдө COVID-19га каршы вакцина

иштеп чыгуу менен ондогон лаборатория алектенип жатат. Ушул жуманын

башында Германияда ыктыярчыларга тестирлөө жүргүзүлө баштаган.