Казакстандын калкы 19 миллион адамга жакындады

Казакстандын калкы 19 миллион адамга жакындады. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук статистика бюросуна шилтеме берүү менен аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Ага ылайык, 1-апрелге карата казакстандыктардын саны 18 940,4 миң адамды түздү. Өткөн жылдын 1-апрелине салыштырмалуу калктын саны 250,2 миң адамга же 1,3 пайызга көбөйгөн.

Ошондой эле миграция кызматы 2021-жылдын январь-март айларында Казакстанга келгендердин саны 2 миң 66 адамды түзгөнүн, ал эми өлкөдөн чыгып кеткендердин саны 5519 адамды түзгөнүн кошумчалаган.