Түркияда коронавирус боюнча чектөөлөр жумшарды

Түркияда коронавирус боюнча чектөөлөр жумшарды. Белгилеп кетсек, буга чейин президент Режеп Тайып Эрдоган 17-майга чейин толук локдаун киргизген. Бардык мекемелер ишин токтоткон болчу.

 

1-июнга дейре кечки 9дан таңкы 5ке чейин коменданттык саат сакталат, ал эми эс алуу күндөрү жарандарга сыртка чыгууга такыр тыюу салынат.

 

Кафе-ресторандар тамакты жеткирип берүү форматында гана иштейт. Түркияда, белгилеп кетсек, суткасына коронавирустун 60 миңден учуру катталып жаткан, учурда бул көрсөткүч 11 миңге түштү.