Ысык-Көлдүн Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунда эки бала бакча жана эки мектеп пайда болот

Ысык-Көлдүн Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунда эки бала бакча жана эки мектеп пайда болот. Аймакты өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, 275, 200 орундуу билим берүү мекемелери Курбу жана Аң-Өстөн айылдарында, ал эми 140 жана 120 бөбөккө чакталган мектепке чейинки даярдоо мекемелери Григорьевка, Темир айылдарында курулат. Долбоорлорду ишке ашырууга… Кененирээк…

Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылында жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылында жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун маалыматына ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 2 кабаттуу жана ал 140 бөбөккө чакталды. Ал заманбап стилде салынып, балдарды тарбиялоо үчүн бардык шарттар түзүлдү. Курулушка аталган фонд тарабынан 55 миллион сом… Кененирээк…

Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы бакчага кошумча корпус салынды

Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы бакчага кошумча корпус салынды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 50 бөбөккө чакталган мектепке чейинки даярдоо мекемесинин курулушу толук аяктады. Имарат заманбап стилде салынды жана анда балдар үчүн бардык шарттар түзүлдү. Курулуштун сметалык баасы 3,5 миллион сомду түзөт. Каражат кайрымдуулук фонд тарабынан берилди.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жаңы бала бакча пайда болду

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жаңы бала бакча пайда болду. Тотомбай аймагында жайгашкан мектепке чейинки даярдоо мекемеси 100 орунга чакталды жана анда балдар 4 тайпага кабыл алынды, — деп билдиришти жергиликтүү администрациядан. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 27 миллион сом сарпталды. Белгилеп кетсек, Ноокен районунда учурда дагы… Кененирээк…

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жаңы бала бакча пайда болду

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жаңы бала бакча пайда болду. Жерге-Тал айылында жайгашкан мектепке чейинки даярдоо мекемеси 50 орундуу. Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинен билдиришкендей, бакчада балдарды тарбиялоого бардык шарттар түзүлдү, оюн аянтчасы каралып, эмерек, техника жана жабдуулар менен камсыздалды. Иштерге аталган агенттик аркылуу 17 миллион… Кененирээк…

2022-жылы Бишкекте дагы 3 бала бакча капиталдык оңдоодон өтөт

2022-жылы Бишкекте дагы 3 бала бакча капиталдык оңдоодон өтөт. Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди. Анын айтымында, кеп, №1, №135 жана «Ак-Шоола» мектепке чейинки даярдоо мекемелери тууралуу болуп жатат. Андан тышкары, быйыл жаңы конуштарда 5 бакчанын курулушуна капсула салынды, бирок кийинки жылы алар пайдаланууга берилбейт.… Кененирээк…

Бишкекте 250 орундуу дагы бир бала бакча ачылат

Бишкекте 250 орундуу дагы бир бала бакча ачылат. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, жаңы мектепке чейинки даярдоо мекемеси ордо калаадагы балдардын кургак учук ооруканасынын базасында түзүлдү. Ачылыш аземи бүгүн өтөт. Ведомстводон белгилешкендей, медициналык мекемени бакчага айландырууга санэпидемстанция жана мэрия уруксат берди. Анда дыкат текшерүүлөр жүрдү. Мекеме… Кененирээк…

Ат-Башы районунун Ак-Талаа айылында жаңы бала бакча пайда болду

Ат-Башы районунун Ак-Талаа айылында жаңы бала бакча пайда болду. Турмуш басылмасы билдиргендей, мектепке чейинки даярдоо мекемеси 100 орунга ылайык. Курулуш иштерине 43 миллион сом жумшалды. Каражат республикалык бюджеттен берилди

Бишкекте медицина кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакча ачылат

Бишкекте медицина кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакча ачылат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бакча 400 балага чакталат. Ал №115-мектепке чейинки даярдоо мекемесинин филиалы болот. Объект Шакиров көчөсүндө жайгашкан мурдагы гематология борборунун имаратында орун алат.

Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылында жаңы бала бакча пайда болот

Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылында жаңы бала бакча пайда болот. Райондук администрациянын маалыматына караганда, 100 орундуу бакчанын курулушуна капсула салуу аземи өтүп, иштер башталды. Долбоорду ишке ашыруунун сметалык баасы 55 миллион сомду түзөт. Бакчаны 2022-жылы пайдаланууга берүү пландалууда.