Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жаңы бала бакча пайда болду.
Тотомбай аймагында жайгашкан мектепке чейинки даярдоо мекемеси
100 орунга чакталды жана анда балдар 4 тайпага кабыл алынды, — деп
билдиришти жергиликтүү администрациядан. Курулуш иштерине
республикалык бюджеттен 27 миллион сом сарпталды. Белгилеп кетсек,
Ноокен районунда учурда дагы 3 бакчанын курулушу жүрүп жатат.
Алардын курулуш жакынкы аралыкта аяктайт.