Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылында жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылында жаңы бала бакча пайдаланууга берилди.

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун маалыматына ылайык, мектепке чейинки

билим берүү мекемеси 2 кабаттуу жана ал 140 бөбөккө чакталды. Ал заманбап стилде

салынып, балдарды тарбиялоо үчүн бардык шарттар түзүлдү. Курулушка аталган

фонд тарабынан 55 миллион сом жумшалды. Эске салсак, буга чейин

Светлая Поляна айылында жаңы мектеп жана спорт зал ачылган.