Бишкекте медицина кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакча ачылат.
Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бакча 400 балага чакталат. Ал №115-мектепке
чейинки даярдоо мекемесинин филиалы болот. Объект Шакиров
көчөсүндө жайгашкан мурдагы гематология борборунун имаратында орун алат.