Кыргызстанда орозо 24-апрелде башталат
Кыргызстанда орозо 24-апрелде башталат. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгы билдирет. Көрсөтүлгөн күн айдын чыгышына карап бир күнгө жылышы мүмкүн. Белгилеп кетсек, коронавирус коркунучунан улам 17-марттан тартып өлкөдө жума намазын мечиттерде жамаат менен окууга тыюу салынган.