Быйыл битир-садакадан 9,5 миллион сом чогулду

Быйыл битир-садакадан 9,5 миллион сом чогулду. Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришкендей, акчалардын 40 пайызы муфтияттын эсебине келип түштү, 50 пайызы жергиликтүү мечиттерге жана калган 10 пайызы облустук казыяттарга берилди. Акчалар муктаж жарандарга таратылып берилет. Белгилеп кетсек, былтыр битир-садакадан 33 миллион сом чогулган.

Быйыл Орозо айт намазы мечиттерде жана аянтта окулбайт

Быйыл Орозо айт намазы мечиттерде жана аянтта окулбайт. Андыктан айт намазды үйдөн окуу сунушталат, — дешти Мусулмандар дин башкармалыгынан. Орозо айт быйыл жекшембиге туш келгендиктен, эртеси, 25-май дем алыш күн болот.

Бүгүн Кадыр түн болот

Бүгүн Кадыр түн болот. Бул тууралуу муфтияттын басма-сөз кызматынан билдиришти. Андан белгилеп кетишкендей, бул түнү мусулмандар уктабай, таңга чейин намаз окушат. Айрым хадистерге ылайык, бул түнү сыйынуу – 1 миң ай тынбай сыйынууга барабар.   Муфтияттан белгилеп кетишкендей, ооз жабууга чейин уктабай отуруу – жетиштүү… Кененирээк…

Ошто Орозо айт күнү конок чакырууга жана айттоого тыюу салынды

Ошто Орозо айт күнү конок чакырууга жана айттоого тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн  облустагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди. Анын айтымында, эрежеге баш ийбегендерге айып каралган. Учурда суммасы такталууда. Облус тургундарына сооп алуу ниети болсо, элди үйүнө чакыруунун ордуна, мал этин таратып берүү сунушталат. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Быйыл Орозо айт качан болоору азырынча белгисиз

Быйыл Орозо айт качан болоору азырынча белгисиз. Так датаны Уламалар кеңеши аныктайт,- деди Муфтияттын маалымат кытчысы Максат Атабаев. Анын айтымында, Айт качан болору айдын жаңырышына жараша белгиленет. Ал эми Кадыр түн 20-майга караган түнү болот. Бул түнү мусулмандар таң атканча уктабастан куран окушат.

Кадыр түн 19-майдан 20-майга караган түнү болот

Кадыр түн 19-майдан 20-майга караган түнү болот. Бул тууралуу муфтияттын басма-сөз кызматынан билдиришти. Андан белгилеп кетишкендей, бул түнү мусулмандар уктабай, таңга чейин намаз окушат.   Айрым хадистерге ылайык, бул түнү сыйынуу – 1 миң ай тынбай сыйынууга барабар. Муфтияттан белгилеп кетишкендей, ооз жабууга чейин уктабай… Кененирээк…

Кыргызстанда эртең ыйык Рамазан айы башталат

Кыргызстанда эртең ыйык Рамазан айы башталат. Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришкендей, дата айдын чыгышына карап бекитилди. Орозо кармоо – Ислам дининдеги 5 парздардын бири.   Анын алкагында мусулмандар таң аткандан күн батканга чейин ооздоруна наар алышпайт.

Муфтият битир-садаганы банкоматтар аркылуу кабыл ала баштады

Муфтият битир-садаганы банкоматтар аркылуу кабыл ала баштады. Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришкендей, эми битир-садаганы жана зекетти банктардын биринин банкоматтары, терминалдары жана мобилдик тиркемеси аркылуу төлөөгө болот.   Быйыл битир-садаганын өлчөмү бир кишиге   35 сомдон башталат. Бул 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасы. Андан тышкары, битирди ушундай… Кененирээк…

Быйыл берилүүчү битир-садага 35 сомдон  башталат

Быйыл берилүүчү битир-садага 35 сомдон  башталат. Муфтияттын маалыматына ылайык, Орозо айында берилүүчү битир бир адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар болот.   Ошондо базар баасы менен алганда ар бир адамга 35 сомдон эсептелди. Андан тышкары, битирди ушундай эле салмактагы ун, мейиз, курма же… Кененирээк…

Нарында дааватчылыкка чектөө киргизилиши мүмкүн

Дааватка чыгууга чектөө киргизүү боюнча сунуштарды берип жатабыз. Бул туурасында брифинг учурунда Нарын шаары менен Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев билдирди.   Маалымат жыйын учурунда окурмандан «мындан кийин дааватчылыкка чектөөлөр болобу?» деген суроо келген. «Биз дааватчылыкка чектөөлөр боюнча мыйзамдын өзгөрүүсүнө сунуштарды берип жатабыз. Бул боюнча кийинчерээк маалымат… Кененирээк…