Сауд Арабиясынын бийлиги Рамазан айында мечиттерин ачпайт

Сауд Арабиясынын бийлиги Рамазан айында мечиттерин ачпайт. Аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий өкүлү Мухаммеж Абдель Али жарыялагандай, коронавирус эпидемиясынан улам, ыйык орозо айында дагы мечиттерди ачпай туруу чечими кабыл алынды.

 

Бул чектөө дүйнөдө эпидемиологиялык абал турукташмайынча күчүндө болот.