Испаниялык диетолог Энкарни Перес эркектин тестостерон гормонун көбөйтө турган беш азыкты атады

Испаниялык диетолог Энкарни Перес эркектин тестостерон гормонун көбөйтө турган беш азыкты атады. Жумуртка, сарымсак, авокадо, жаңгак жана брокколини күнүмдүк рационго кошуу зарыл. Ал эми организмде тестостерон жетиштүү деңгээлде болсо эркек көп оорулардан алыс болот. Ошондой эле бул гормон эркектин толуп кетпей, салмагын туруктуу кармап туруусуна… Кененирээк…

Бишкектеги имараттардын жаңы жылдык жасалгасына акчалай сыйлык ыйгарылат.

Бишкектеги имараттардын жаңы жылдык жасалгасына акчалай сыйлык ыйгарылат. Алдыңкы 3 орунга 60 миң сомго чейин берилет. Мындай чараны ишке ашырууга мэрия сынак жарыялайт. Конкурска райондук администрация, министрликтер, мекемелер, жеке ишканалар жана башка объектилер катыша алат. Маалыматка ылайык, сынак жаңы жылдык маанайды тартуулоо жана ордо калааны… Кененирээк…

Токтогул Сатылганов атындагы филармонияга Япония элчилиги үн жана жарык бере турган аппараттарды тапшырды

Токтогул Сатылганов атындагы филармонияга Япония элчилиги үн жана жарык бере турган аппараттарды тапшырды. Салтанаттуу иш-чарага Япониянын Кыргызстандагы элчиси жана маданият министри Азамат Жаманкулов катышты. Яапон элчилиги билдиргендей, жабдуулар гранттык негизде берилүүдө. Анын жалпы суммасы 89 миң долларды түзөт.

Дүйнөдөгү эң кымбат балаты Испанияда орнотулду

Дүйнөдөгү эң кымбат балаты Испанияда орнотулду. Анын баасы 15 миллион доллардан ашат. Бийиктиги 6 метрге жеткен токой сулуусун жасалгалоогог 3 миң даана Сваровски кристаллдары жумшалды.   Андан тышкары, балатыга төө куштун алтын жалатылган жумурткалары илинген. Ошондой эле, жаңы жылдын башкы символу бриллиант жана башка баалуу… Кененирээк…

Instagram жаңы функциясын кое берди

Instagram жаңы функциясын кое берди. Ал “сторис” бөлүмүнө 15 секундалык видеолорду жүктөөгө шарт түзөт. Аны дароо ошол жерден монтаждап, ылдамдыгын өзгөртүп, эфекттерди кошуп, музыка менен коштоп койсо болот.   Учурда жаңычылдык Бразилияда гана жеткиликтүү. Жакынкы арада функция бүт дүйнө боюнча жайылтылат.

Косметикалык каражаттын 90 пайызында адам өмүрүнө коркунуч алып келген микробдор табылды

Косметикалык каражаттын 90 пайызында адам өмүрүнө коркунуч алып келген микробдор табылды. Бул маалыматты Астон университетинин медициналык кызматкерлери жарыялашты. Адистердин айтымында, косметикалык каражаттарда зыяндуу стафилококк таякчалары табылып, 1 миллилитрге миллиондон ашуун бактерия туура келди. Косметика түрлөрүнүн эң көп микроб алып жүрүүчү деп декоративдик каражаттарды аташты. Андыктан… Кененирээк…

Кыргызстанда аймактагы китепканалардын китептерин жаңылоо үчүн «Бир адамдан бир китеп» акциясы өткөрүлдү

Кыргызстанда аймактагы китепканалардын китептерин жаңылоо үчүн «Бир адамдан бир китеп» акциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу маданият министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков билдирет. Анын айтымында, иш-чаранын алкагында 27 миллион сом чогултуп, ал каражатка 108 миң китеп сатып алынды. Долбоордун алкагында 144 китепкананын китептери жаңыланды. Китепканасы жок айылдарда… Кененирээк…

Instagram эми катталуучунун жаш курагын сурап баштады

Instagram эми катталуучунун жаш курагын сурап баштады. Болбосо, ал маалыматты Facebook профили менен байланыштырып коет. Жаңы эрежелерге ылайык, басымдуу өлкөлөрдүн колдонуучулардын жашы 13төн кем болбошу керек.   Социалдык тармактын өкүлүнүн айтымында, бул спирт ичимдиктеринин жана башка нерселердин жарнамасына, ошондой эле жаш балдардын коопсуздугуна байланыштуу.