Дүйнөдөгү эң кымбат балаты Испанияда орнотулду

Дүйнөдөгү эң кымбат балаты Испанияда орнотулду. Анын баасы 15 миллион доллардан ашат. Бийиктиги 6 метрге жеткен токой сулуусун жасалгалоогог 3 миң даана Сваровски кристаллдары жумшалды.

 

Андан тышкары, балатыга төө куштун алтын жалатылган жумурткалары илинген. Ошондой эле, жаңы жылдын башкы символу бриллиант жана башка баалуу таштар менен кооздолду. Балатыны полиция күнү-түнү кайтарууда.