Бул жылдын соңку иш жумасы болгону эки күндүк болот

Бул жылдын соңку иш жумасы болгону эки күндүк болот. 31-декабрь, шейшемби иш күнү болгону менен, 1 саатка кыскартылат. Премьер-министр кол койгон токтомго ылайык, 1-январдан 7-январга чейин эс алуу жарыяланат.   Жумуш күндөрү 24-февралга, 9-23-мартка которулду.

Балыкчы-Жел-Арык темир жол тилкесинде калыбына келтирүү жумуштары аткарылууда

Балыкчы-Жел-Арык темир жол тилкесинде калыбына келтирүү жумуштары аткарылууда. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, трассаны тазалоого жүк ташуучу унаалар жана автокран тартылды.   Эске салсак, кечээ Боом капчыгайында 8 вагон рельстен чыгып кетти. Мунун себеби азырынча тактала элек.

Кыргызстан Исфана шаарында таза суу системасын калыбына келтирүү үчүн   5 миллион евро алат

Кыргызстан Исфана шаарында таза суу системасын калыбына келтирүү үчүн   5 миллион евро алат. Евро бирикме менен макулдашууну Жогорку Кеңеш ратификациялады. Айыл-чарба министрлигинин маалыматына ылайык, каражаттын бир бөлүгү насыя болсо, калганы кайтарымсыз негизде ыйгарылат.   Долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтү – 3 жыл. Документ добуш берүүгө… Кененирээк…

Мамлекеттик ипотекалык компания 14 пайыздык чен менен насыяларды берүүнү жандандырды

Мамлекеттик ипотекалык компания 14 пайыздык чен менен насыяларды берүүнү жандандырды. Бул тууралуу уюмдун басма-сөз кызматынан билдиришти. Кеп, “Жеткиликтүү турак-жай” программасы тууралуу болуп жатат.   Анын алкагында, Бишкек жана Ош шаарларынын бюджеттик эмес мекемелерде иштеген тургундары дагы ипотекалык насыя ала алат. Бул үчүн алар батир баасынын… Кененирээк…

Ветеринардык жана фитосанитардык инспекцияга 54 унаа берилди

Ветеринардык жана фитосанитардык инспекцияга 54 унаа берилди. Бул тууралуу премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев билдирет. Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында машиналар 71 миллион сомго сатып алынды, алар ведомствонун аймактык башкармалыктарына бөлүштүрүлөт, -деди Абылгазиев.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан 6 адам бейтапканага жаткырылды

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан 6 адам бейтапканага жаткырылды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жарадарлар бүгүн Баткен облустук бириктирилген медицина мекемесине алынып келген. Алардын ичинде 4 аскер кызматкери жана 2 жаран болгон. Калгандардын баш мээси чайкалып, ар кандай жаракат алган. Учурда баарынын абалы канаатандырарлык. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Өлкөдө сейрек кездешүүчү жаныбар жана канаттуулардын саны көбөйгөнү байкалууда

Өлкөдө сейрек кездешүүчү жаныбар жана канаттуулардын саны жаратылышты коргоо аймагында көбөйгөнү байкалууда. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги билдирет. Маалыматка караганда, Талас районунун Күмүштак кыштагында орнотулган фотокапканга бир нече кадрлар түштү. Бул жолку фотокамеранын объективине текечер, аюу, кекилик, коен жана жапайы жаныбарлар түштү. Ал эми ак… Кененирээк…

Кыргызстанда эттин эң жогорку баасы 357 сомдон сатылууда

Кыргызстанда эттин эң жогорку баасы 357 сомдон сатылууда. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет. Маалыматка караганда, уй этин кымбат баада саткан шаарлардын сап башына Бишкек чыкты. Борбор калаада бир килограммы 387 сом болду. Ал эми республика боюнча эң төмөнкү баа Таласта, бул жерде 300 сомдон… Кененирээк…

Кербен шаарында 6 миллион сом болгон жер тилкеси муниципалитеттин менчигине кайтарылып берилди

Кербен шаарында 6 миллион сом болгон жер тилкеси муниципалитеттин менчигине кайтарылып берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.   Ага ылайык, Аксы районунун прокуратурасы 2012-2015-жылдары трансформация болбогон жер жеке турак жай куруу үчүн Кербен шаарынын мэриясынын токтому менен берилип кеткенин аныктаган.   Себеби бул… Кененирээк…

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин иш бөлмөсүнө бажы өткөрүү түйүндөрүн онлайн көрсөтүп турган монитор коюлду

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин иш бөлмөсүнө бажы өткөрүү түйүндөрүн онлайн көрсөтүп турган монитор коюлду. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти. Маалымат монитор бажыдан кандай унаада эмне товар өтүп жатканын онлайн режиминде көрсөтүп турат. Муну менен инспекторлордун ар бир аракети көзөмөлгө алынмакчы.   Ошондой эле бул түйүн «Түндүк»… Кененирээк…