Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин иш бөлмөсүнө бажы өткөрүү түйүндөрүн онлайн көрсөтүп турган монитор коюлду

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин иш бөлмөсүнө бажы өткөрүү түйүндөрүн онлайн көрсөтүп турган монитор коюлду. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти. Маалымат монитор бажыдан кандай унаада эмне товар өтүп жатканын онлайн режиминде көрсөтүп турат. Муну менен инспекторлордун ар бир аракети көзөмөлгө алынмакчы.

 

Ошондой эле бул түйүн «Түндүк» мекемелер аралык электрондук системасына кошулган. Ал Бажы кызматынын сайтында бардык кааалоочулар үчүн да жеткиликтүү болот. Буга чейин ушундай эле маалымат монитору президенттин иш бөлмөсүнө да коюлары айтылган.