Балыкчы-Жел-Арык темир жол тилкесинде калыбына келтирүү жумуштары аткарылууда. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, трассаны тазалоого жүк ташуучу унаалар жана автокран тартылды.
Эске салсак, кечээ Боом капчыгайында 8 вагон рельстен чыгып кетти. Мунун себеби азырынча тактала элек.