Бишкектин Матросов көчөсүн оңдоо иштери жанданды

Бишкектин Матросов көчөсүн оңдоо иштери жанданды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.   Учурда аталган көчөнүн Кулатов көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгүн капиталдык оңдоо иштери уланууда. Жолдун негизин даярдоо жана асфальтбетон аралашмасын төшөө пландаштырылып жатат.

Бүгүнтөн тарта Бишкекте №166 автобус каттай баштады

Бүгүнтөн тарта Бишкекте №166 автобус каттай баштады. Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин бул каттамда кичи автобус иштеп келген.   Линияда 20 автобус бар, тейлөө аралыгы 8-10 мүнөттү түзөт.   Белгилеп кетсек, акырындык менен ордо калаада бардык кичи автобустар толугу менен автобустарга алмаштырылат.

“Тазалык” ишканасы жүктөөчү жана айдоочуларды ишке чакырат

«Тазалык» муниципалдык ишканасы жооптуу кызматкерлерди өз командасына чакырат. Муниципалитеттен билдиришкендей, ишканага жүктөөчүлөр жана айдоочулар керек.   Айлык жумушуна жараша эсептелет жана орточо 35 000 – 45 000 сомду түзөт. Иштөө убактысы 7 саат.   «Бардык суроолор боюнча Ростовская көчөсү, 19Б дарегине жана 0502 020 003… Кененирээк…

Ош облусундагы Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолу сел калдыктарынан тазаланды

Ош облусундагы Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолу сел калдыктарынан тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, 16-майда кечки саат 21:00 чамасында аталган жолдун 56-58-чакырым аралыктарында сел жүргөн.   Министрликтин Алай району боюнча бөлүмү жолду тазалоо ишине тартылган. Табигый кырсыктан жабыркагандар… Кененирээк…

Бүгүн Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу жок болот

Бүгүн Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу жок болот. Мэриянын маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан түнкү 12ге чейин суу 7-апрель, Салиева, Фрунзе, Курманжан Датка, Лермонтов көчөлөрүн, Шабдан Баатыр, Жибек Жолу проспектилерин бириктирген бөлүктө жок болот.   Убактылуу чектөөлөр түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу.

Баткенде үч эм төрөлдү

Баткенде үч эм төрөлдү. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда кыздардын жана ымыркайлардын энесинин абалы жакшы.   Белгилеп кетсек, былтыр Кыргызстандын калкы 7 миллионго жетти.

«Манас» аэропортуна Инчхон–Бишкек–Загреб багыты боюнча транзиттик каттам келди

«Манас» аэропортуна Инчхон – Бишкек – Загреб багыты боюнча транзиттик каттам келди. Аба майдандан билдиришкендей, каттам жумасына үч жолу аткарылат.   Учак май куюу учурунда 350 жүргүнчү кафелердин, дүкөндөрдүн кызматтарынан жана «Манас» аэропортунун башка артыкчылыктарынан пайдаланып, терминалдын ыңгайлуу шарттарында эки саатка чейин убакыт өткөрүүгө мүмкүнчүлүк… Кененирээк…

Энергетика министрлиги мамлекеттен 100 миң сом алуу үчүн талаптарды эскертет

Энергетика министрлиги мамлекеттен 100 миң сом алуу үчүн талаптарды эскертет. Ведомство маалыматына ылайык, “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында каражат социалдык паспорту бар же “үй-бүлөгө көмөк” пособиесин алган аз камсыздалган үй-бүлөлөргө берилет.   Талапкерлер ишке жарамдуу болуп, реалдуу бизнес-план түзүшү керек. Бул жылы мамлекет менен социалдык келишимди… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең таза суу жок болот

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең таза суу жок болот.   Мэриянын маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан түнкү 12ге чейин суу 7-апрель, Салиева, Фрунзе, Курманжан Датка, Лермонтов көчөлөрүн, Шабдан Баатыр, Жибек Жолу проспектилерин бириктирген бөлүктө жок болот.   Убактылуу чектөөлөр түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу.

Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү милдеттүү камсыздандыруу системасын киргизүү сунушталууда

Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү милдеттүү камсыздандыруу системасын киргизүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы коомдук талкууга чыгарды.   Анда жарандарды милдеттүү камсыздандыруу полистерин сатып алууга түрткү берүүчү кыйыр механизмдерди колдонуу зарылдыгы белгиленген.   Тактап айтканда, кыймылсыз мүлктү каттоо, күрөөгө коюу үчүн… Кененирээк…