Тайвандык StarLux авиакомпаниясы жүргүнчүлөргө эч кайда багыт албаган билеттерди сатууда.
Мындай каттам башка өлкөлөргө уча албай калган туристтерге карата уюштурулууда.
Эми алар башка шаарлардын үстүнөн учуп, бирок жерге конбогон учактарга билет сатып алса болот.
StarLux компаниясынан кошумчалашкандай, биринчи эле каттамга 200 жүргүнчүгө ылайыкташкан
учактын билеттери 5 мүнөттүн ичинде сатылды. Абада саякаттоо учурунда жүргүнчүлөргө
Мишлен жылдызын алган ресторандын шеф-ашпозчусу даамдарды сунат.
Билеттин баасы эконом-класс үчүн болжол менен 11,5 миң сомду түзөт.