Кыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко эң мыкты 100 мушкердин катарына кирди.
TapОlogy спорттук басылмасынын версиясы боюнча жаңыртылган маалымат боюнча,
Шевченко 58-орунду ээлеп турат. Рейтингде жалпысынан 224 спортчу бар.
Рейтингдин биринчи сабында Жорж Сен-Пьер, андан кийин Жон Жонс, үчүнчүдө Андерсон Силва жайгашат.
Рейтинг ММА сүйүүчүлөрү тарабынан добуш берүү менен түзүлдү.