Бишкекте шаардык клиникалык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү ачылды.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, 30 орундуу бөлүм
керектүү диагностикалык, профилактикалык жана дарылоочу жабдуулар менен
камсыздалды. Капиталдык оңдоо иштерине дээрлик 7 миллион сом жумшалды.
Каражат Азия өнүктүрүү банкы тарабынан берилди.