Кыргызстан мектептеринде санитардык эрежелердин сакталышы тыкыр көзөмөлгө алынышы керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов жарыялады.
Ал белгилегендей, коронавирус инфекциясына байланыштуу окуучулар, ата-энелер жана мугалимдердин алдында чоң чакырыктар турат. Андыктан, коопсуздук үчүн бардык эрежелер сакталышы керек.
Эске салсак, жаңы окуу жылында 1-класстын окуучулары гана кадимки режимде билим алып баштады. Калган класстар аралыктан окуп жатат.