Ош шаарында эпидемиологиялык абал курчуп кетсе медреселер обсервация катары пайдаланууга берилет.
Аймактык казыяттан билдиришкендей, 3 медреседе шарттар бар. Анда мэриянын комиссиясы
текшерүүлөрдү жүргүзгөн. Учурда Ош шаарында жалпысынан 600 орун уюштурулду.
Алар мейманкана, ресторан, спорт зал жана менчик медицина борборлорунда.