Кыргызстанга Россиядан коронвирустук инфекция менен күрөшүүгө дарыгерлер тобу келди.
20 медицина кызматкеринен турган алты бригада Кыргызстандын аскерий дарыгерлери менен
биргеликте аскер кызматкерлерин, алардын үй-бүлөсүн жана ардагерлерди дарылап, кеңеш берет.
Россиялык адистердин төрт бригадасы Бишкекте иштесе, экөө Ош шаарына жөнөтүлөт.
Медициналык жардам акысыз берилди.