Майкл Жексондун атасынын протез тиштери аукциондо сатылды

Майкл Жексондун атасынын протез тиштери аукциондо сатылды.

Лоттун алгачкы баасы 200 фунт стерлингди же 20 миң сомду түзгөн.

The Mirror басылмасы билдиргендей, мындан тышкары сатыкка Жексондун 60 буюму коюлган.

Анын ичинде жеңил бут кийими, күмүш менен кооздолгон күрмөсү жана колу коюлган сүрөттөрү бар.