Өткөн жылы Кыргызстандын мамлекеттик органдары мамлекеттик сатып алууларга 40 миллиард 500 миллион сом коротту

Өткөн жылы Кыргызстандын мамлекеттик органдары мамлекеттик сатып алууларга 40 миллиард 500 миллион сом коротту.

 

Бул тууралуу Акчабар агенттиги мамлекеттик сатып алуулар порталынын сайтына шилтеме келтирип маалымдайт.

 

Белгилеп кетүүчү нерсе, бир жыл мурунку көрсөткүч дээрлик 33 пайызга көп болчу. Жалпысынан, соңку 5 жылга салыштырмалуу, бул өлкөдө мамлекеттик сатып алууларга жумшалган эң кичине сумма болуп калды.