Милициянын кайгуул кызматы жаңы унаалар менен толукталды

Милициянын кайгуул кызматы жаңы унаалар менен толукталды.

Аталган түзүмдөн билдиришкендей, кызматтык чакырууларды ыкчам тейлөө

максатында кайгуул кызматы 2019-жылы чыккан жаңы 20 унаа менен толукталды.

Машинелер электрондук планшет, унаага тиешелүү рация жана жол кырсыгы

катталган жерде аны чийип, керектүү документке түшүргөн чемодан менен толукталган.

Эске салсак, кайра түзүлгөн Кайгуул кызматы Бишкекте 31-декабрда пайда болду.

План боюнча, ал Ошто, андан кийин бүт республика боюнча түзүлөт.