Учурда 1,5 миң жаран обсервацияда дарыланууда.
Алар коронавирусту жуктуруп алгандар менен байланышта болгондор.
Жалпы ооругандар менен байланышта болгондор негизинен үй-бүлө
мүчөлөрү жана кошуналар. Бүгүнкү күнгө алынган маалымат боюнча
Кыргызстанда 94 адам коронавирус жуктуруп алды. Жалал-Абад
облусунда — 49, Ош облусунда — 33, Бишкек шаарында — 7 ,
Чүй облусунда — 3, Баткен жана Нарында 1ден.