Асель Кадырбекова эсине келип, сүйлөп баштады

Асель Кадырбекова эсине келип, сүйлөп баштады. Травмотология жана ортопедия улуттук борборунун башкы дарыгери Сабырбек Жумабеков билдиргендей, ал жандандыруу бөлүмүнөн чыгарылып,  кадимки палатага которулду.

 

Апасы дайым жанында болуп, тамак берип жатат. Учурга карата Асель Кадырбекованын абалы туруктуу. Эске салсак, ырчы 26-июнда жол кырсыгына кабылып, ошондон бери комада болчу.