Актер Уилл Смит алгачкы жолу “Оскар” алды

Актер Уилл Смит алгачкы жолу “Оскар” алды.

Лос-Анжелесте 94-Оскар сыйлык тапшыруу аземи өттү.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, эң мыкты тасма деп «CODA: Дүлөй ата-эненин баласы» тасмасы табылды.

Джейн Кэмпион «Иттердин күчү» тасмасы үчүн эң мыкты режиссёр болду.

Уилл Смит «Король Ричард» тасмасындагы ролу үчүн биринчи жолу статуэтка алды.

Джессика Честейн “Эң мыкты актриса” номинациясында “Оскарга ”татыды.

Тасма үчүн «Эң мыкты ыр» наамын Билли Эйлиш «Өлүүгө убакыт жок» чыгармасы менен жеңип алды.

Эң мыкты чет элдик көркөм тасма «Менин машинемди айда», ал эми «Энканто» эң мыкты анимациялык тасма деп табылды. “Круэлла” мыкты костюм дизайнына ээ болду.