Кыргызстандын «Жамгырдан кийин» тасмасы Лос-Анджелесте эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт.
Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, тасма фестивалдын чет тилде
тартылган тасмалар программасында жарым финалга өткөн. Фестиваль 10-13-сентябрь
күндөр аралыгында көрсөтүлөт. Белгилеп кетсек, тасма андан кийин
Бишкек жана Ош шаарларынын кинотеатрларында коюла баштайт