Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин лабораториялык тестирлөө борборунун башчысы Айгүл Жумаканова Бишкектин айрым лабораторияларындагы ПЦР-тесттин баасы төмөндөгөнүн билдирген.
Республикалык штабдын маалыматына караганда, ордо калаадагы жеке менчик лабораториялар былтыр бир ПЦР-изилдөөнү 3 000 сомго чейин жасашкан.
«2021-жылы түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин ПЦР-тест тапшыруу арзандады», — деген Жумаканова.
ПЦР-тесттин баасы арзандаган лабораториялар:
- Бонецкий — 1 690 сом;
- AquaLab — 1 700 сом;
- Гемотест – 1 400 сом.
Азыркы тапта өлкө боюнча коронавирусту аныктай турган 19 лаборатория иштеп жатканы айтылды. Анын ичинен 13ү мамлекеттик, алтоо менчик болуп саналат.