Улуттук банк бир ай ичиндеги үчүнчү интервенциясын өткөрдү

Улуттук банк бир ай ичиндеги үчүнчү интервенциясын өткөрдү. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинин маалыматына ылайык, эл аралык валюта рыногунан 19 миллион 200 миң доллар сатылып алынды.

 

Белгилеп кетсек, аталган каржылык операция валюта курсунун кескин серпилүүсүн алдын алууга багытталат. Бул ирет интервенция сом бекемделип, америкалык жана европалык валютанын солгундашы үчүн жасалды.